Пример HTML-страницы

Turmush: Акматбек Келдибеков менен Матраимовдордун үйү жайгашкан жерди кайтаруу аракети: Учурда эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жеке менчикке өтүп кеткен жерлерин кайра кайтаруу боюнча тиешелүү органдарга кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

Анын айтымында, С.Супаналиев көчөсүндөгү №13, №15, №17 даректеринде жайгашкан жер тилкелери баштапкы иш кагаздарында «Келечек» балдар борборунун аянты катары көрсөтүлгөн.

«Бул боюнча Ош шаардык прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына каттар менен билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган жерлерди кайтаруу боюнча иш кагаздар такталып, иш алып барылып жатат. Баштапкы иш кагаздардын негизинде ал жерлер «Келечек» балдар борборунун жери болуп эсептелген. Болжол менен «Келечек» балдар борборунун аянты 40 пайызга кыскарып, ээленип калган. Буга чейин аталган аймактагы муниципалдык жерлер бошотулган», — деди Пирматов.

Жогоруда көрсөтүлгөн даректердеги жер тилкелеринде эки турак жай жана мейманкана курулган. Турак жайлар Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Акматбек Келдибековдун үй-бүлөсүнө таандык.

—————————————————————-

Буга чейин Алтынбек Пирматов [ал учурда Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан] аталган объекттер боюнча УКМК менен прокуратурага каттар жолдонгондугун, жерлерди кайтаруу сот аркылуу жүрөрүн билдирген болчу.

«А.Келдибековдун үй-бүлөсүнө таандык делген үйдү «Кадастрдан», архитектурадан болуп, комиссиялык түрдө текшергенибизде ашыкча чыгып кеткен жери жок болуп чыкты. Матраимовдордун ашыкча чыккан 9 метр жери бузулду», — деген ал.

Пирматов Р.Матраимовдун жана А.Келдибековдун үй-бүлөсүнө таандык үйлөрдүн жана алардын жанындагы мейманкага жайгашкан жер «Келечек» балдар чыгармачылык борборуна таандык экенин белгилеген.

«Эгер адашпасам бул жерлер 1993-жылы сатылган экен. Андан бери сатуу, сатып алуу келишими боюнча 10 адамдын колунан өтүптүр. Ошону үчүн сотко кайрылдык», — деген Пирматов.

Turmush 2024-жылдын февраль айынын башында Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйгө мөөр басылып жабылганын жазган.

Мындай чечимди УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү чыгарган.

Буга чейин Turmush Ош шаарында Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн дубал тосмосу толугу менен алынганын жазган.

Учурда турак үйдүн алды жеңил курулуш материалдари менен тосулуп турат.

Аталган аймактагы тар көчөнүн бир тарабында Матраимовдордун үйү, экинчи тарабында «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун имараты жайгашкан. Алардын ортосундагы жер тилке эки тарабынан тосулган.

2019-жылы Ош шаардык мэриясы «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун жолу мыйзамсыз тосулганын билдирген. Борборго тиешелүү жер 10 жылдай пайдаланылып келгени айтылган.

Turmush 2024-жылдын 8-январында Ош шаарында Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон үйдүн алдындагы дубал тосмо бузулуп жатканын жазган.

«Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы кызыл сызыктан 9 метр чыгып кеткен деп маалымат берген. Ошонун негизинде карап көргөнбүз. Үй ээлери дубалды өздөрү буздуруп жатышат», — деп билдиришкен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан.

  • Азырынча аталган үйдө Матраимовдордун кайсы үй-бүлө мүчөлөрү жашап жатканы белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE