Turmush: Ак-Талаадагы айрым мугалимдер 100 миң сомдон ашык акчаларды алышты: Себеби айтылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Талаа районунун 30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар айрым мугалим жана тарбиячылар 100 миң сомдон ашык эмгек өргүү акыларын алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Динара Исаманбетованын айтымында, 2023-2024-окуу жылындагы райондогу 758 мугалимге жана бала бакча тарбиячылары, бала бакча башчылары менен жалпы 176 кызматкерге, ошондой эле техникалык кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө каралган акчалар толугу менен которулуп берилди.

Тактап айтканда мугалимдер үчүн 64 млн 242 миң 74 сом, ал эми бала бакча 15 млн 195 миң 788 сом берилди. Ушуга ылайык, 50% жеңилдиги (бийик тоолуу аймактын коэффициенти) бар айылдагы жана иш тажрыйбасы 30 жылдан ашык мугалимдердин эң алды 129 миң сом, 20% жеңилдиги барлар 108 миң сом, ал эми 50% пайыздык жеңилдиги бар жерлердин тарбиячыларынын эң алды 110 миң сом, 20% жеңилдиги бар жерлердин тарбиячылары 90 миң сомдон алышты.

— Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими иш тажрыйбасы 30 жыл. 50% жеңилдиги менен эмгек өргүүсүнө 129 миң сом алды;

— Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими 50% жеңилдиги менен 115 миң сом алды;

Пример HTML-страницы

— Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин мугалими 20% жеңилдиги менен 91 миң сом алган;

— Баетов айылынын «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы 50% жеңилдиги менен 110 миң сом алган;

— Баетов айылынын «Жаш балаты» бала бакчасынын тарбиячысы 50% жеңилдиги менен 110 миң сом алды;

— Байгөнчөк айылынын «Байгөнчөк» бала бакчасынын тарбиячысы 20% жеңилдиги менен 93 миң сом алды;

— Тоголок Молдо айылынын «Адис-Адилет» бала бакчасынын тарбиячысы 21 жылдык иш тажрыйбасы жана 50% жеңилдиги менен 79 миң сом алган.

—————————————

Мугалимдерге бөлүнгөн 7 миллиард сом:

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдер эмгек өргүүсүн 1-июндан тарта ала башташканын жана мугалимдердин, билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түзгөнүн кабарлаган.

Маалым болгондой, июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсебине 11-июнда которулган.

Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.

Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды.

Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.

Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды.

Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, калаада мектептин мугалимдери 50 миң 900 сомдун тегерегинде эмгек өргүү акчаларын алышты. Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары орто эсеп менен 42 миң 800 сомдун тегерегинде эмгек өргүү төлөмдөрү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️