Turmush: Ак-Талаа районунда донорлор сыйланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда донорлор күнү белгиленип, айрым донорлорго сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк донорлор күнүнө карата райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда салтанаттуу иш-чара белгиленип, иш-чаранын жүрүшүндө донорлорго райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ардак грамоталары ыйгарылды. Ошондой эле, донорлор кан тапшырышты.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн улуу эмчи айымы Айгүл Жумашова район боюнча 53 донор бар экендигин айтты.

«Район боюнча 53 донор бар. Алардын айрымдары активдүү, анда-санда тапшыргандары дагы бар. Донорлордон алынган кан атайын сактоочу баштыктарда 35 күн сакталат. Бул убакыттын ичинде пайдаланбай калсак, медициналык калдыктар зыянсыздандыруучу жайга тапшырылат. Аны плазмага (сары суу) жана R массага бөлүп алабыз. 18 жаштан 50 жашка чейин ден соолугу чың ар бир жаран донор боло алат. Кан тапшырардын алдында 7 түрлүү анализ алабыз. 50 күндө бир кан тапшырып туруу керек болсо, биз 2 айга жакындаганда чакырабыз», — деди ал.

Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Иса Акматалиев 5-жолу кан тапшырып жатканын айтты.

Пример HTML-страницы

«Кан басымым 160ка чейин көтөрүлүп кетет. Дарылануудан майнап чыкпай, акыры кан тапшыра баштадым. Кан тапшыра баштагандан бери жакшымын. Өзүмдү жеңил сезип калдым. Азыр 5-жолу тапшырып жатам», — деди ал.

Үгүт айылынын тургуну Айнагүл Мурзалиева 44 жылдан бери кан тапшырат.

«Мен 1980-жылдан бери кан тапшырып турам. Ден соолукка пайдалуу, зыяны жок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️