Пример HTML-страницы

Turmush: Айыл турмушу: Кыргыздын аялдары шырдак боюнча атагыбыз чыгат,

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын районуна караштуу Алыш айылынын 70 жаштагы тургуну Токтобүбү Чокоева көп жылдан бери узчулук өнөрдү өркүндөтүүнүн үстүндө келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1971-жылы Нарын медициналык окуу жайынынын мээрман айым бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. 1973-2010-жылдары Дөбөлү айылында акушерка, фельдшер болуп эмгектенип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. Коомдук иштерге активдүү катышып, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн аздектеп, шырдак ж.б буюмдарды түрлөп жасап фестивалдардан калбай катышып келет. «Баатыр эне» ордени, «Курманжан датка» медалынын ээси.

«Илгертеден кыргыз аялы бардык нерсени жасап, чебер болгон. Баланы дагы төрөп тарбиялап, колхоз иштерине дагы аралашып… Мындай айтканда сыртка чыгып эркек, үйгө кирип аял болуп келишкен десек жарашат. Мен деле энелерибиздин өнөрүн улай кыргыздын бардык буюмдарын жасайм. Ушул убакытка чейин балдарым үчүн бир канча шырдактын түрлөрүн жасадым. Акыркы кездери этносумкаларды жасап, чакан шырдактарды жасайм. Бул эмгек эл арасында жакшы кабыл алынып, буйрутма бергендер дагы бар. Өз айылыбызда өз кардарларыбыз бар.

Шырдак фестивалына жыл сайын ар түрдүү шырдактар келет. Мисалы биздики, бастырылып жасалат. Оштуку башкача, Кочкордуку шырылбайт, эндей жасалат. Кыргыз шырдагы ЮНЕСКОго жазылгандыгы үчүн абдан сүйүнүп жүрөм. Кудай буюрса бул керемет шырдагыбыз дуйнөгө атагы чыгып, өркүндөйт.

Шырдак жасоо мен үчүн эң сонун бир убакыт десем болот. Кыялданып жасайм, оймо чием, ушунун баары эмгек. Кызым дагы менин жолумду жолдоп келе жатат. Шырдак дүйнөлүк брендге чыгып атат. Кудай буйруса кыргыздын аялдары шырдак боюнча атагыбыз чыгат деп ойлойбуз», — деди ал.

Чебер апа 1973-жылы Алыш айылынын тургуну Жумамүдүнов Турарга турмушка чыгып Нурлан, Гүлгаакы, Осипа, Касипа, Салтанат, Махабат, Руслан аттуу 2 уул, 5 кызды тарбиялап чоңойтушкан. «Баатыр эненин» 13 небере, 2 чөбөрөсү бар.

Нарында өткөн шырдак фестивалы:

Буга чейин 28-июнда Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы» фестивалы 15-ирет өтүп жатканы кабарланган. Фестивалга Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарынан кол өнөрчүлөр келишкен. Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымынын кеңешчиси Жамбы Карыбекова фестивалга Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 кол өнөрчүнү алып келүү пландалганын, бирок 200дөн ашык кол өнөрчү келгенин билдирди.

Ошондой эле ал 15 жаштан 35 жашка чейинки жаш кол өнөрчүлөр 15 жылдык мааракеге карата шырдак жасап келгенин белгилеген.

Фестивалда «Мурас шырдак», «Мыкты шырдак», «Жаратмандык ыкмадагы шырдак», «15 жылдыкты чагылдырган жаратмандык шырдак», «Жаш уздардын шырдакча жасоосу» номинациялары боюнча кароо-сынактар өткөн.

Саамалыкка Япония, Швейцария, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстандан меймандар келди. Миңден ашык кол өнөрчүлүк буюмдары сынакка коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE