Пример HTML-страницы

Turmush: Адистердин кеңеши: Тамакты туура сактаганды билесизби?

Акыркы жанылыктар

TurmushКөпчүлүк учурда булганган тамакты жегенден кийин 4-8-12 саат өткөндө уулануунун белгилери билинип баштайт. Адамдын жүрөгү айланып, кусуп, ичи өтүп ооруйт. Дене табы 38-39 градуска чейин жогорулайт. Айрым учурларда оор өтүшү мүмкүн. Ошондуктан уулануунун белгилери билингенде эле доктурга кайрылуу зарыл жана анын көрсөтмөсү жок дарыланууга тыюу салынат.

Адистердин маалыматына караганда, тамак-аштан ууланууга ботулизм жана стафилококк микробдору менен уулануу кирет. Анткени стафилокоокктор тамак-ашта пайда болгондо өзүнөн уу бөлүп чыгарат. Анын уусу жылуулукка өтө туруктуу келет. Тамак-ашты даярдоодо жана сактоодо гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл.

Тамактануунун алдында колду самындап жууш керек. Тамак-ашты муздаткычта сактоо, бат бузулуучу азыктарды мөөнөтү бүткөнгө чейин гана колдонуу, сүттү жана сууну кайнатып ичүү, жашылча-жемиштерди жакшылап жууп жеген шарт. Мөөнөтү өткөн, туура эмес жерде сакталган азыктарды колдонбош керек жана көчөдөн тамак сатып алуу сунушталбайт.

Тамак-аштан уулануу — бул сапатсыз же бузулган тамак-ашты жегенден кийин пайда болгон оору. Тамак-аштар (көбүнчө эт, балык, шорпо, колбаса, консерва) кээ бир микроб (сальмонелла, стафилококк, ботулизм таякчалары) же алардын уулары менен булганышы мүмкүн. Аны химиялык заттар (коргошун, сымап, жез, цинк) жана уулуу азыктар (уулуу козу карындар, кээ бир балыктар, уулуу жаңгак) менен алмаштырбаш керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE