Пример HTML-страницы

Turmush: «50 метрден кийин колубуздагы от өчүп калган»: Таластагы сырдуу үңкүр (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районунун Көк-Кашат айылынын түндүк тарабында сырдуу үңкүр бар. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан маалымат алды.

Айылдын аксакалы Нуржан Шекербековдун айтымында, бул үңкүр 1950-жылдары күмүш өндүрүү максатында казылган.

«Биз анда 12-13 жаштагы бала элек. Анан «орус улутундагы адамдардан турган экспедиция тобу биздин тоолордо жүрөт» деп угуп жаттык. Андан кийин «күмүш быша элек экен деп казуу иштерин токтотуптур» деп укканбыз. Кийин атайын кызыгып бул үңкүргө балдар болуп кирген элек. 50 метр жүргөндөн кийин аба кысылып, колубуздагы май менен күйгөн факелдерибиздин оту өчүп, караңгыда калып калганбыз. Нары баспай эле артка чыгууга туура келген. Ошондо Совет доорунда атайын кен издешкен окшойт деп түшүнгөнбүз. Ал үңкүр айылдын күңгөй тарабында Төрт-Чийим деген жерде турат. Ал үңкүр эмне үчүн казылган бүгүнкү күнгө чейин сыр бойдон калды», — деди ал.

Көк-Кашат айылынын аталышы жердин түзүлүшүнө байланыштуу коюлган. Элет Талас—Тарас—Суусамыр унаа жолунун боюнда жайгашкан. Айылда дайыма көк чөп өсүп тургандыктан Көк-Кашат аталып калган.

Атактуу ырчы Атай Огонбаев ушул айылдан чыккан. Көк-Кашат айылында орто мектеп, мечит, спорт зал бар. Элетте 2 миңден ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE