Turmush: 4 жаштагы уулун сөгүп, видео тарткан атанын жоругу: Аялы Россиядан келди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда атасынан кордук көргөн бала бир туугандары менен фостердик үй-бүлөдө жашап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Алай райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Батина Токобаева билдирди.

Анын айтымында, балдардын апасы Россиядан келди.

«Балдарга соттук-медициналык, психологиялык экспертиза дайындалган. Алардын апасы Россиядан 15-сентябрда учуп келген. 4 баласы тең 13-сентябрда эле райондук администрациясынын алдында балдарды коргоо боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими менен фостердик үй-бүлөгө берилген. Балдардын ата-энеси балдарды өз тарбиясына алуу боюнча кайрылган. 16-сентябрь күнү кайрылуусу каралып, бирок комиссиянын чечими менен экспертизалардын жыйынтыгы чыкканча берилбей турган болгон», — деди Токобаева.

  • Фостердик үй-бүлө — балдарды убактылуу тарбиялап жана калыбына келтирген үй-бүлө. Ар кандай жагдайга туш болгон балдар аларды башкалар багып алгыча же ата-энесине өткөрүлүп бергиче фостердик үй-бүлөнүн карамагында болот.

—————————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Ош облусунун Алай районунда уулун урушуп, видеого тарткан ата милицияга жеткирилгенин жазган.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, 2024-жылдын 12-сентябрь күнү белгисиз атуул жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүп жаткан видео Whatsapp тайпаларга тарап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып жаткан белгисиз жаран Алай районунун 1985-жылы туулган тургуну И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон.

Социалдык тармакка тараган видеодон атасы уулун тилдеп, эшикке чыгарып жатканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк видеодогу жаран Алай районунун Курманжан датка айыл аймагынын Кабылан-Көл айылынын тургуну — 1985-жылы 29-январда туулган Ы.Т.А. экени белгилүү болгон. Анын аялы Т.Э.К. 2024-жылдын 7-майында Россиянын Москва шаарына иштеп келүү үчүн кетип, жашы жете элек 4 баласын жолдошунун кароосуна калтырып кеткен.

Алар:

1. 2012-жылы 6-мартта туулган АБ.Т. (эркек бала), окуучу;

2. 2013-жылы 6-сентябрда туулган А.Э.Т. (эркек бала) окуучу;

3. 2020-жылы 7-январда туулган А.Э.Т. (видеодогу бала);

4. 2020-жылы 28-декабрда туулган А.Ж.Т. (эркек бала).

«Аялы Россияга кеткенден бери ал балдарын өзү карап багып келген. 2024-жылдын 15-августунда балдарын Үч-Төбө — Алай айыл аймагынын Кичи-Каракол айылынын тургуну — кайын энеси К.П.га калтырып келген. Бирок ортончу уулу — 2020-жылы 7-январда туулган туулган Э. таенесине көнбөй, 20-августта кайра атасына келген. Ошол күндөн бери Э.ни өзү багып, карап келген. Окуя болгон күнү Т.Ы. жубайына бир нече жолу телефон чалып, ал албай койгон. Себеби Э. апасын сагынып жаткандыктан кайра-кайра чалып, албай койгондо ыйлаганын айтат. Ошол себептүү баласы экөө макулдашуу менен видео тартып, жубайына жөнөтүп, андан кийин чалат деп ойлоп күтүшкөн. Бирок бул видеосу коомчулукка тарап кетерин билген эмес. Буга чейин Т.Ы.нын үй-бүлөсү зомбулукка шектүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлө катары башкармалыктын каттоосунда турган эмес.

Жогорудагы маалымат боюнча жашы жете элек өспүрүм жакын туугандарынын көзөмөлүнө 13-сентябрда саат 03:00дө убактылуу өткөрүлүп берилди. Э.нин абалы жакшы, денесинде эч кандай көк ала тактардын белгиси жок.

Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 13-сентябрда соттук-медициналык экспертиза жана соттук-психиатриялык экспертизасы дайындалды. Бала учурда коопсуз жайда.

Алай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан Алай райондук жергиликтүү мамлекетттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссиясына багуучу үй-бүлөгө (фостердик) сунуш берилди. Бул үй-бүлө башкармалыктын каттоосуна алынды.

Ал эми Э.Т. менен байланышканыбызда 2024-жылдын 7-майында кеткендигин, 10-ноябрда келерин айтты. Телефон албаганынын себеби, ал жакта кафелердин биринде идиш-аяк жууп иштеп, иш убагында телефон ала албай турганын жана 6 айлык мөөнөткө келгенин билдирди», — деп айтылган маалыматта.

Ал эми Т.Ы.нын айтымында, видео 11-сентябрда тартылган. Саат 17:30-18:00 чамасында уулу апасына телефон чалган. Бирок жубайы телефонду албай койгон.

«Мени менен иштеген тагам «эмне болду, апаң албай койдубу?» дегенде жарылып, ыйлап ийди. Менин жиним келип, телефонду өчүрүп койдук. Андан кийин үйгө келдик. Камыр жуурудум. Балам мультфильм көрөм деп телефонду алып, апасына чалды. Апасы дагы албай койду. Мен чалсам, бир нерсе деди, бирок укпай калдым. Кайра өчүрүп койду. Кайра-кайра чалдык, кээде бош эмес дегенди басып, кээде кара тизмеге киргизип коюп жатты. Отуруп, ушундай кылып тартып жөнөтсөк, өчүрбөй биз менен сүйлөшөбү деген ой болду. Балам уктаган эмес, эки жарым, экилерде уктайт. Өзүнөн сурасаңар деле айтып берсе керек.

Ошентип тарттык. Баланы таң атканга чейин эшикке коюп койду деп ойлоп жатыптырсыңар. Тартып туруп, балага эшикти жап деп, үйдү тартып, кайра бурулдум го, балам ошол маалда эле эшиктен кирген. Эки жолу видеого тарттык. Биринчиси чала болуп калды. Аны мен жөнөткөн эмесмин, балам жөнөткөн. Анча-мынча телефон чукуганды деле билбейм. Ошондой болуп тартып калдык. Кыргыз элим, силерден кечирим сурайм. Мынчалык болуп кетет деп ойлгон эмесмин. Аялым чыгарып жатабы же бөлөк бирөө чыгарып жатабы, билбейм. Аялым атайлап кылып жатат деп ойлойм», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️