Turmush: 17 жаштагы Заринанын өмүрүн алган жарылуу: УКМК 3 адамды кармады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад шаарындагы адам өлүмү менен коштолгон жарылуу болгон соода түйүнүн мыйзамсыз орнотуу фактысы боюнча шаардык мэриянын кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин ишмердүүлүгүндөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголду. Аталган департаменттин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жогорку кызматтагы атка минерлердин ортосундагы байланышка жамынып, муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок беришкени аныкталды.

2024-жылдын 13-июлунда аталган соода түйүндөрүнүн биринде газдалган суу чыгаруучу газ баллондук жабдыктарда жарылуу болуп, анын кесепетинен сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору И.К.Б. жана А.Т.А., ошондой эле павильондун ээси М.З.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда окуяга жооптуу башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө, ошондой эле тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын аймагында муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз берүү фактыларын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад шаарында шербет даярдоочу жайда кислороддук баллон жарылып кеткенин жазган. Окуя 2024-жылдын 13-июлунда болгон.

Кийинчерээк жарылуудан жабыркаган кыз каза болгону маалымдалган.

Ооруканага жалпы 5 адам түшкөн.

Turmush басылмасынын кабарчысына күбөлөр окуянын чоо-жайын айтып беришкен.

Бул окуядан кийин Жалал-Абад шаарында газдалган суусундук сатылган жайларга рейд өтүп жатат.

Кийинчерээк Жалал-Абад шаарында газдалган суусундук сатылуучу жайдагы жарылуудан кийин каза болгон кыз 17 жаштагы Зарина Кеңешова экени белгилүү болгон.

Маркумдун жакындары Turmush басылмасына билдиргендей, ал 14-июлда жерге берилди. Зарина Кеңешова Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде 1-курсту аяктаган.

Жашы 80ден ашкан Ырыс Шамшиева маркум Заринанын чоң энеси. Ал небереси жайкы эс алууну жөн өткөрбөй, каражат таап, кийим алуу ниетин билдирип, ишке орношконуна 2-3 күн болгонун айтат.

«Зарина кичине кезинен эле зирек кыз эле. Атасы, апасы да мектепте мугалим болуп иштегендиктен англис тилин жакшы өздөштүрүп алган. Мектепти аяктагандан кийин да англис тили адистигине тапшырган болчу. ОшМУда 1-курсту аяктап, каникулга үйгө келген. Атасы Англияга сезондук жумуштарга деп кеткенине 20 күндөй убакыт болгон. Бир күнү кызым «иш таптым, газдалган суу сатат экенмин» деп келди. Укканда эле апасы экөөбүз каршы болдук. Зирек кызым «ата-энеме жардам болот, аз да болсо каражат тапсам, окуу башталганча кийим-кече кылым алам» деп көнбөй койду. Биз макул болуп, жумушка чыгып жатканына 2-3 күндөй эле убакыт болгон. Ошол күнү эртең менен шаарга кетчү маршурткага өзүм узатып чыккам. Кечке калбай келип калат десек жок. Аңгыча телефондорго видео келип калды, апасы таанып, неберемди мейитканадан таап келди. Кечээ атасына кабар берип, кызын жерге бердик. Бүгүн атасы Англиядан келип, эч нерсеге түшүнбөй, өзүн жоготуп отурат. Бизди ачуулантканы, ошол газдалган суусундук саткан жердин ээсинин келип койбогону. Бүгүн келиним укук коргоо органдарына арыз жазганы кетти», — деди Ырыс Шамшиева.

Зарина 5 бир туугандын улуусу болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️