ТҮРКҮН ТАГДЫР..

https://kyrgyzcha.site/?p=63666&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТҮРКҮН ТАГДЫР..

 

Жаңы төрөлгөн уулумду боорума кысып отурам. Үнүн баспай ыйлаганы ыйлаган. Байкуш уулум апасынан ажыраганын кичинекей жүрөгү менен сезип атат окшойт. Кыздарым алмак-салмак алып, жардам бербесе жаным калат беле билбейм. Куту качкан үйдө төрт кызым, уулум жана мен.

Жубайымды жерге бергенден кийин туш тараптан келген туугандарым тараган. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт деген ушу тура. Кимге догурунуп, токон наалатымды айта алам. Ушунун баарына өзүм күнөөлүмүн…

***

Жубайым Самираны арзып артынан түшүп жүрүп алгам. Баш кошкондон кийин келинчегим мен болжогондой эле жакшы жубай, күйүмдүү келин чыкты. Эркектин кадырын аял көтөрөт деген чын экен, аялымдын акылы менен туугандарымдын арасында баркым өстү. Ишим илгериледи.

Пример HTML-страницы

Жубайым андан кийин да удаасы менен эки кызды төрөп берди. Үч кыздын күлкүсү, кылыгына, камкордугуна бөлөнүп гүл жыттанган үйдө жашап аттым. Бир караган адамга менден өткөн бактылуу жан жок эле. Бирок кээде оюма “эркек балалуу болсом” деген ой түшсө маанайым чөгө түшчү. Буга көп учурда айланадагы туугандардын, дос-тааныштардын тамашага орогон чындыгы себеп болчу. Досторумдун “эркектен эркек туулат” деп каткыргандары мени жерге чаап чүнчүтүп жиберчү. Мындай тамашалардан кийин түнөрүп көп күнгө чейин кабагым ачылбай калчу.

Мындай ой менен жубайым да эзилип жүрүптүр. Мага уул төрөп берем деп төртүнчү жолу кош бойлуу болду. Азыр ойлосом, тогуз ай бою уул болсо экен деп тилеп, санаа менен алышып жүргөн окшойт. Эмнегедир ырымдап өзү эле балага көгүш түстөгү кийимдерди даярдап атты. УЗИге түшкөн жок. Мындан улам уул болот тура, мени ошондо сүйүнтөйүн деп айтпай атса керек деп жакшылыкка жорудум. Ай-күнүнө жетип толгоосу бышканда төрөт үйүнө кирип кетти. Мен болсо сырттан “уулдуу болдуңуз” деген кабарды чыдамсыздык менен күтүп төрөт үйдүн коридорунда каршы-терши басып жүрдүм.

Кыздуу болгонумду укканда жубайымдын үстүнө кирбей терс бурулуп жөнөдүм. Азыр ошол көз ирмемди эстесем өзүмдү өзүм жек көрүп кетем. Ошол күндү артка түрдүрсөм: “Алтыным, рахмат сага. Кыз болсо эмне экен? Эми мени төрт кызым туш тараптан бакытка балкытат. Кыз деген кызыл алтын деп жөн айтышпайт да” ,-деп бир далай жакшы сөздөрдү айтып жубатмакмын. Ооруканадан чыгып үйдү көздөй баратканда телефонума коңгуроо келди. Төрөткөн дарыгер экен. Аялымдын абалы оорлошуп, кан кете баштаганын укканда кайра артка тарттым. Керектүү дары-дармегин алып берип оорукана менен төрөт үйүнүн ортосунда таң атканча чуркап жүрдүм. Эмнеге мындай болуп кеткенин доктурлар стресс деп түшүндүрүштү. Эркек күтүп аткан жубайым кызды колуна алганда токтобой көпкө ыйлаптыр, кан басымы көтөрүлүп, абалы начарлап кеткен экен. Ошол түнү келинчегим дарыгер менен акчанын күчүнөн бир ажалдан калды.

Өлүмдүн оозуна барып кайра келген келинчегимдин кадырын билгендей болуп калдым. Уул төрөбөсө койсунчу, ушул төрт кызым аман болсун дедим.

Эгер менин, менин туугандарымдын кысымы болбогондо жашообуз жакшынакай улана берет беле, ким билет?.. Бир жолу атамдардыкына айылга эс алууга барганбыз. Сыртта кызмат кылып жүргөн келинчегим ата-энемдин сүйлөшкөн сөзүн кулагы чалыптыр. “Жаман аял кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт болуп бул келин баламдын тукумун улай албай калды окшойт, эми эркек баласы жок так өтөбү” деп адатынча сүйлөнүптүр. Атам да “эбак төшөк жаңыртса уулдуу болуп балдары чоңоюп калмак” деп апамды коштойт. Ооба, менин экинчи аял алуум тууралуу үйүбүздө сөз болгон. Бирок мен жубайымды жакшы көргөндүктөн андай ойду жууткум келчү эмес. Барган сайын кулагыма жебиреп ар кайсыны айткан апама да кесе айтып ал тууралуу сөз кылууну токтоткула деген болчумун. Суук сөздү кулагы чалган жубайым келсем бөлмөдө ыйлап отуруптур:

— Менин айыбым эмнеде? Кудай кыз берип атса кантейин? Колум менен жасап ала турган болсом эбак төрт эркекти удаа төрөп бербейт белем?- деп арманын айтып төгүлүп атты. Досторум менен сеп этип кызуу келген элем, мен да ага кошулуп ыйлап, тукумум уланбай калабы дегеним эсимде. Ошол сөздөрүм келинчегимдин жүрөгүн тилип, көңүлүн жаралап атканын сезсем да “уулдуу болгум келет” дей бериптирмин.

Шаарга келгенден кийин Самира дагы төрөйм деп дарыгерге байма-бай каттап баштады. Кудайдан болуп тез эле боюна болду. Жашыбыз да кыркка жакындап калган, балким ошондонбу, жубайым тогуз ай бою кыйналып жүрдү. УЗИге түшсө уул деген экен. Чын төгүнүнө ишенбей кайра-кайра текшертиптир, эркек бала экенине ынангандан кийин мага сүйүнчүлөдү. Бул кабарды укканда маңдайыман тер чыгып, баланы азыр колума карматчудай кубандым. Туугандарыма жапырт сүйүнчүлөп, төбөм көккө жетип дардаңдап жүрдүм. Бир чети жубайыма ачуу сөз айткан ата-энемдин мизин кайтаргым келди окшойт. Көптөн күткөн уулубузга экөөбүз тең катуу даярдандык. Кыргызда төрөлө элек балага ырымдап эч нерсе албайт дешет, бирок биз ага моюн сунбай толгон-токой кийим, жата турган керебетинен бери камдап койдук.

***

Күздүн алгачкы айында жубайымдын толгоосу башталды. Ага чейин деле кош бойлуулугу оор болуп бир нече жолу ооруканага жатып чыккан. Эмнегедир жүрөгүм тынч албай төрөтүнө кошо кирдим. Төрөт аябай кө

пкө созулду, жубайымдын үнү Кудайга жетип бала чыкпай атканда доктурлар операция жолу менен төрөтмөк болушту. Мына, зарыгып зар какшап күткөн балам жылаңач төшүмдө жатат. Сезимдеримди сөз менен жеткире албайм, мындан да ашкан бакыт болобу? Көп өтпөй жубайымды төрөткөн доктур өзүнө чакырыптыр. Көрүндүк деп атса керек деп ойлодум. Шашкалактап атып унутканымды кара, уулдуу болуп атсам кантип аянайын деп колумду чөнтөгүмө салып акча уучтап чыктым. Бирок доктур мени суук көзү менен карап, отуруңуз дегендей ишарат кылды.

— Өзүңүз төрөткө катышып көрдүңүз аялыңыздын кыйналганын. Абалы азыр жакшы эмес. Операциядан кийин комага түшүп калды. Биз колубуздан келгенин кылдык, калганы Кудайдан –дегенин укканда деңгиреп бөлмөдөн чыкканча шаштым. Жубайымдын үстүнө кирдим. Байкушум, суналып көзүн сүзүп жатат. Колун кармап шолоктоп ыйлап аттым. Кудайдан кара жанын аман алып калышын тиледим. Аттиң, баары айтканыңдай болсочу. Ошол түнү жубайым комадан чыкпай каза болду. Андан кийинки окуялар жаман түш сыяктуу- жубайымдын сөөгүн чыгарып бергени, кайненемдин “курган кызым, төрт кызыңа каниет кылып жашай бербейт белең” деп озондоп ыйлаганы, элдердин чубалып келип кайрат айтып кучактап аткандарын элес-булас билем. “Ажалга айла жок, эми белиңди бекем буу”, “балдарыңды жакшы кара, эми алар сага аманат” деген сөздөр ушунчалык жагымсыз угулду. Ошол ажалга аялымды өзүм түртпөдүмбү, эркек бала керек, тукум уланыш керек деген караңгы түшүнүк менен келинчегимди жарга такабадымбы. Элдин “эркек бала төрөбөсөң болбойт” деген түшүнүгүнө туруштук бере албай, келинчегимди коргой албаган мендей да алсыз эркек болобу? Самиранын өлүмүнөн кийинки жашоо тирүүнүн тозогу болду. Жакшы эле жүдөдүк, түнү менен ыйлап чыккан баланы кезектешип карап, ал ортодо кичинекей кызым апасын издеп уктабай чыккан учурлары менин жүрөгүмдө өмүр бою кара так болуп калды. Жубайымдын алдындагы айыбым найза бойлогус. Баскан-турган сайын кечирим сураганды адатка айландырдым. Менин тагдырым кимдир-бирөөгө сабак болор. Адамдын өмүрү караңгы түшүнүктөн алда канча кымбат экенин кеч түшүндүм…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️