Пример HTML-страницы

Туристтин кара баштыгы Бурул Абдыразакованы күтүүсүз жагдайга туш кылган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кайыңды-Булак айылынын тургуну Бурул Абдыразакова 5 жылдан бери туристтерди кабыл алуу менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Абдыразакова Бурул Термечиковна 1964-жылы 16-февралда мурунку Осоавиахим, азыркы Чолок-Кайың айылында туулган. 1971-1981-жылдары орто мектепте, 1981-1986-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин физика факультетинде билим алган. 1986-1987-жылдары Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде иштеген. 1987-жылдан бери Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинде 38 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет.

38 жылдын ичинен 4 жыл директордун тарбиялык иштер боюнча, 4 жыл окуу иштери боюнча орун басары кызматын аркаласа, 5 жыл А.Марьям атындагы бала бакчасында тарбиячы болуп иштеген. Акыркы 5 жылдан бери мектептин лаборанты да болуп эмгектенип келет.

Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жолдошу Сейдиналы Нуралиев автобазада токарь, кийин аталган мектепте чарба башчысы, учурда кароолчу болуп эмгектенет. Алардын бирге түтүн булатып жашаганына 39 жылдын жүзү болду. Учурда 1 уул, 3 кыз, 9 небереси бар.

Каарманыбыз Бурул Абдыразакова мугалимдик кесипке «бир кесиптин ээси болушум керек» деген максат менен келгендигин айтты.

«Мектепти жакшы окугам. Мугалимдик кесипти тандап алуума эч ким деле себепкер болгон эмес. Өзүм «бир кесиптин ээси болушум керек» деген чоң максатым бар эле. Ошондон улам алгач финансы техникумуна тапшырып, сынак абдан оор болгондуктан өтпөй калгам. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болуп чыктым. Кесиптин арты менен интерактивдүү ыкманы биринчилерден болуп окуп келип, орто мектептерге жайылткам. Ал үчүн 5 жыл окуп, балдарды окууга тартуу боюнча иш жүргүздүк. Жаш кезде кыздар уюмун жетектеп, кийинчерээк мугалимдер арасында этика боюнча иштедим. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйлангам», — деди Б.Абдыразакова.

Каарманыбыз келген туристтердин окуяларынан айтып берди.

«Мындан 5 жыл мурун чет элдик туристтерди тосуп баштаганбыз. Канада, Кытай, Польша, Голландия, Германия, Испания, Италия, Австрия, Чехия, Франция, Греция, Корея жана башка өлкөлөрдөн туристтер келип турушат. Эми ар жылы ар кандай санда келишет. 40 турист, кээде 30, айрым учурда 50дөй турист келет.

Кээ бирлери ооруп калышат. Аларды 2-3 күнгө чейин багып калабыз. Чет өлкөлүк туристтер талаага, жолго таштанды таштабай, тазалыкты мыкты сакташат экен. Бир турист келип, сырты таза кара пакетти жылмаюу менен мага берди. Мен белек экен деп күлүп алып койдум. Ал кеткенден кийин пакетти ачып карасам, таштанды экен. Ичимден «кокуй» деп эле уялып калдым. Андан кийин келген туристтер дагы ошентип берип жүрүштү. Алып таштандыга ыргытып калдым. Келген туристтер бизге ыраазы эле болуп кетишет. «Дары алып келип бериңизчи» дешет. Дары алып барып берем. Айткандарын ыкчам камсыздаганга аракет кылабыз. Алар кетип жатканда жаңы самын жана башкаларын берип кетишет. Ошондон улам ыраазы болгондорун билип калам.

Бир жолу аял турист келип калды. Биз жер төшөк жасап жатканбыз. Аябай кызыгып карап калганынан, «кел карма, мына минтип саясың» деп колуна ийне карматтык. Бирок, ийне кармаганды дагы билбейт экен. Көбүнчө жаш балдар келет. «Жашыңар канчада?» деп сурасак 18, 19, 20, 23 жашта экенин айтышат. «Жер кыдырып, жер көрүп жүрөсүңөрбү же кандайдыр бир максатта келдиңерби?» десек, алар: «Биздин ата-энебиздин акчасы көп. Алар жашоонун кыйынчылыктарын көргүлө деп жөнөтүшөт» дешет.

Конок үйүбүз 2 кабат болгондуктан, айрымдары: «Биз мындай үйгө жатпайбыз. Мындай кабат үйдө жашайбыз, кабат үйдөн тажайбыз. Боз үй барбы?» деп калышат. Бир жолу Кореядан бир жигит жубайы жана 3 баласы менен келди. «Биз балдарга акча албайбыз» деп, балдары үчүн акча алган жокпуз. Анан 3 баласына неберелеримдин оюнчуктарын алып чыгып берсем, мени жакшы көрүштүбү, билбейм. Айтор «жүрүңүз Кореяга барасызбы, алып кетели» дешти. «Ал жакка барууга шартым жок» деп жооп бердим», — деди Бурул Абдыразакова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE