Тургундар Кеминге акча каражаты аз бөлүнүп жатканын белгилешти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-август күнү Кемин шаардык маданият үйүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда эл менен жолугушуу өтүп жатат.

Анда айрым тургундар жер амнистиясы, Кеминге мамлекеттик бюджеттен акча каражаты аз бөлүнгөнүн айтып, нааразычылыктарын билдиришти.

«Бизде райондо жер тилкелерине үй курбай, мыйзамды күтүп тургандар бар. Аларга кызыл китеп [жер тилкеге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт] чыкпай жатат. Жерлери бар, бирок китептери жок. Ал эми документи жок жерлерге үй салып алгандарга кызыл китеп берип жатышат. Ушул маселени карап берсеңиз. Кемин жакыр район деп айтышат, мамлекеттик бюджеттен акча аз бөлүнөт. Башка региондорго акча кетип эле жатат, кетип эле жатат. Бизге деле көңүл бурсаңар», — дешет тургундар.

Бул маселелер боюнча район акими Кутпидин Шакиров төмөнкүлөргө токтолду.

«Президентибиздин тапшырмасы менен жакын арада Кичи-Кемин айыл аймагына чоң заводдун ачылышы болгону жатат. Мындан сырткары, быйылкы жылы ачыла турган жүздөгөн ишканалардын көбү ушул Кемин районунда ачылганы турат. Бул жергиликтүү бюджетке салык болот, жергиликтүү элге жумуш орундары түзүлөт. Биз социалдык башкармалык чогуу иш алып барып, жумушсуздукту жоюу максатында жумуш орундарын таап берсек, 15-20 миң сомдук айлыкка барбай жатышат. Баары эле алтын кен сыяктуу ишканаларга кирүүгө аракет кылышууда. Бирок андай ишканалар көп ачылат.

Пример HTML-страницы

Быйылкы жылы Кемин райондук өнүктүрүү фондунан 65 долбоор кабыл алынды. Бул долбоорлор 300 млн сомдун айланасындагы акча каражаты. Бул алтын кенден түшкөн акча. Мындан башка айыл өкмөттөр өздөрүнүн бюджетинен аткара турчу иштери көп. Анын баарын жыйындарда толук айтып, маалымат жеткирип турабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️