Турак үйлөрдү, жолдорду суу каптап, жашоочулар жарыксыз калган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мааалыматка караганда, 20-июль күнү саат 15:30 чамасында Аксы районунда кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен район боюнча 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралып, жарандар эвакуацияланган. 2 турак үйдүн ичин, 40 турак үйдүн короосун сел суусу каптап, 4 сарай, болжол менен 4 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган. Ошондой эле шамалдын кесепетинен 1 бала бакчанын туникесин, 1 мектептин чатырын, 2 турак үйдүн чатырын учуруп, 1 электр мамычасын кулатып, 35 турак үй электр жарыксыз калган.

Кара-Камыш айыл аймагы:

Чалдыбар айылында 1 үйдүн короосуна сел кирип, Кара-Жыгач–Топ-Жаңгак–Кызыл-Көл жолунун 7-9 чакырым аралыгында шагыл таштар түшүп, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратты. Кезарт айылында Кезарт сел каналынан суулар ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу пайда болду. Ийри-Булуң айылында 2 үйдүн ичин жана 5 үйдүн короосун суу каптап, 4 сарай жабыркады. Көпүрө-Башы айылында 10 үйдүн короосун суу каптап, 1 үйдүн чатырын учуруп, 1 электр мамычасын кулатып, 35 турак үй электр жарыксыз калган.

Сары-Челек айыл аймагы:

Пример HTML-страницы

Товар-Сай айылында 19 үйдүн короосун суу каптап, ички чарбалык жолдор кум-шагылга толуп, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Кара-Ой айылында 5 үйдүн короосун суу каптап, Ак-Жар сел сайы кум-шагылга толду. Жол-Сай айылында ички чарбалык жолдун 70 метр аралыгына кум-шагыл толуп, унаа жол жабылды.

ӨКМ тарабынан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 350 метр (1565 метр куб) тазаланып, иштер 23-июль күнү улантылат.

Буга чейин Turmush Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүргөнүн жазган.

Маалыматка караганда, табигат кырсыгы 20-июль күнү Авлетим, Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл аймактарында болду.

Turmush Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен 20-июлда саат 15:30 чамасында Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагында катуу жамгырдан улам үйлөрдү сел каптоо коркунучу жаралганын жазган.

Кыска мөөнөттө жааган жамгырдан Кезарт сел каналынан суу ашып, Кара-Суу дарыясына толуп, жакын жайгашкан 56 үйдү суу каптоо коркунучу жаралган. Ири-Булуң жана Кара-Суу айылында жайгашкан 56 үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️