Тунук Кумарбекова 9 жашынан бери комузда кол ойнотот

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Тунук Кумарбекова комузда түркүн күү ойноп, элдин алкоосуна татып келет. Анын менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

Тунук Кумарбекова 2008-жылы 20-сентябрда Каракол шаарында туулган. Учурда №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы мектепте 10-класста билим алат.

«Музыкага болгон кызыгуу кичинекей чагымдан эле башталган. Бала бакчага барып жүргөндө көп ырдачумун. Агамдын комуз ойногонун көрүп, комузга болгон кызыгуум ойгонду. Анын чертип берген күүлөрү, ал аткарган чыгармалары дайым эсимде. Ошондон баштап, бул сыйкырдуу аспапка кызыга баштадым. Комузду үйрөнүп, эл алдына чертүүнү кыялдана баштадым. Ошентип ал кыялым орундалып, комузда 7 жылдан бери ойнойм», — дейт ал.

Талант ээлеринин үй-бүлөсүндө чоңоюшу чыгармачылык дүйнөгө бат аралашып кетүүсүнө түрткү болгон.

«Үй-бүлөбүз таланттуу адамдар. Алардын өнөрлөрү мага дем берди десем болот. Баары жакшы ырдап, аспаптарда ойношот. Алар мага чыгармачылык тууралуу көп кеңеш беришет. 2 сиңдим да таланттуу. Музыкага жана искусствого жакын. Аларга үлгү болсом деп аракет кылам», — деди.

Пример HTML-страницы

Учурда ал эл аралык сынактарга чейин катышат.

«Биринчи жолу сахнага чыкканда аябай толкундануу сезимдери болгон. Эл алдында комуз чертип жатып адашып кетпесем экен деп ойлой берчүмүн. Анан кийинчерээк сынактарга, иш-чараларга көп катыша баштаган үчүн көнүп калдым.

Ар бир сынак талантты такшалтат. Андыктан көптөгөн сынактарга катышууга аракет кылам. Талбаган эмгектин артында баш байгеге жана андан тышкаркы байгелерге да ээ болгом. Жеңилип калган күндөрүм дагы аз эмес. Анткени бирде жеңесиң, бирде жеңилесиң. Андыктан капа болбой өнөрүңдү өстүрүп, талыкпай эмгектене берүү керек.

6-7-сентябрда Самара Токтакунованын 80 жылдыгына карата «Кылымдардын үнү» деген сынак өткөн. Ал сынактан финалга чыктым. Сынакка көптөгөн мыкты комузчулар катышты. Мен ушундай комузчулардын арасында болгонума аябай кубандым», — деди жаш талант.

Тунук көбүнчө Нурак Абдрахмановдун жана Карамолдо Орозовдун күүлөрүн аткарат.

Кичинекей кезимден эле Нурак Абдрахмановдун, Карамолдо Орозовдун күүлөрүн угуп чоңойдум. Андыктан булардын чыгармачылыгы менин жан дүйнөмө жакын. Ошондуктан алардын күүлөрүн аткарып жатканда толкундоо да, кубануу да болот.

Ал эми мага дайым колдоо көрсөткөн ата-энеме, досторума, туугандарыма жана Атыргүл эжейиме рахмат айтып келем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️