Turmush — Бүгүн, 27-август күнү Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Бактыбек Осмонов район активине тааныштырылды.
Жаңы дайындалган район акимин президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев тааныштырды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган.
Тоң районунун акими болуп Байышбек Астанакулов эмгектенип келген. Ал Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.
- Осмонов Бактыбек Арапбаевич 1967-жылы 11-июнда Ош облусунун Алай районуна караштуу Будалык айылында туулган.
Билими:
— 1985-1987- жылдары — Советтик армиянын катардагы жоокери;
— 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда дене тарбия мугалими кесибине ээ болгон;
— 2002-жылы Ош мамлекеттик университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
— 1987-1989-жылдары — Алай районундагы Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде эмгек сабагынан мугалим;
— 1992-1998-жылдары — Алай районунун Жолдош Бубаев атындагы № 31 орто мектебинде дене тарбия сабагынан мугалим;
— 1998-1999-жылдары — «Иркештам» өткөрмө пунктунда тескөөчү;
— 1999-2001-жылдары — «Ош» бажысында тескөөчү;
— 2001-2007-жылдары — «Ынтымак», «Кызыл-Арт», «Кара-Мык», «Бар-Дөбө» бажы постторунда тескөөчү;
— 2007-жылы — «Эргеш-Ата» дыйкан чарбасында юрист;
— 2007-2011-жылдары — Ош—Сары-Таш—Иркештам автожол башкармалыгында көзөмөлчү;
— 2012-2016-жылдары — Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы;
— 2016-2023-жылдары — Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
2023-2024-жылдары — Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.