Тоңдук Бактыгүл Исакова бала кезде үйрөнгөн өнөрү аркылуу киреше таап келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 60 жаштагы тургуну Бактыгүл Исакова 4-классынан бери кол өнөрчүлүк менен алек. Ал окуучу курагында үйрөнгөн өнөр аркылуу киреше таап жатканын айтып берди.

«Мен 1964-жылы 2-мартта Тоңдун Кара-Коо (мурунку Карл-Маркс) айылында төрөлгөм. 1985-жылы Россиядагы Шадринский индустриалдык-педагогикалык техникумун аяктап келип, Бөкөнбаев айылындагы №81 кесиптик лицейинде устат болуп эмгектендим. 2014-жылы пенсияга чыгып, «үйдө кантип бош отурам» деп ойлоно баштадым. Алдыга карай максаттарды коё баштадым, жеке бала бакча ачсамбы же буюртма алып иштесемби деген ойлор келди.

Өзүм кичинекей чагымдан эле шырдак жасап жүрдүм. Ата-энем чабан болчу, 4-классты бүтүп, үч айлык каникулга алардын жанына бардым. Апам: «муну окууга кеткиче бүтүрөсүң» деп, колума шырдак карматып койду. Ошондон тарта шырдак жасап калдым», — деди ал.

Анын айтымында, алгачкы буюртмаларды жокчулук убагында кабыл ала баштаган.

«1988-жылы турмуш жолуна узадым, жокчулук убакка туш келдик. Мен декреттик өргүүдө болуп, үч балам менен үйдө отуруп калдым. Жолдошум иштейт, бирок тапкан акчасы жетпейт. Ошол кезде жолдошума «мен шырдак жасоого буюртма алайын» десем, көнбөй жатып макул болду.

Пример HTML-страницы

Бир мүшөк унга бир шырдак жасайм. Аны оюп, жөрмөп, анан шырып бүтүрүп берем. Ала кийиз жасайм. Ошентип бирин-экин тамак-аш үчүн иштеп жүрүп, үйгө киреше келе баштады. Мына ошентип ого бетер кызыгып калдым да, «аракет кылса береке болот» деген ушу тура дедим. Бул ишти жасоого негизинен апам көп түрткү берчү. Өздөрү мал-жандык менен болуп, колу тийчү эмес, анан бизге жасатчу.

Эң улуу Айгүл эжем иштүү, колунан баары келет. Азыр 70 жашка чыкты, дагы деле элечек жасап отурат. Эжемден көп нерсе үйрөндүм, бирок биз үй-бүлөбүз менен эмгекчил кыздарбыз. Азыркы тапта кызым Жаркынай экөөбүз буюртма менен кызга сеп жасайбыз. Кызым саймаларын сайып берет, мен жасайм. Кудайга шүгүр, буюртмаларыбыз көп. Бул иш менен алектенгенибизге 3-4 жыл болуп калды, Россиядан да буюртма түшүп калат

Жашың улам өткөн сайын оор болуп калат экен, чарчачу эмесмин, азыр чарчап калам. Биздин жууркан, төшөктөрдүн саймасын, анан тегиз-текши жасалышын баалап алышат. Баасы 2000 сомдон 3300 сомго чейин. Кызым көшөгөнү 5000-9000 сомго чейин, белдемчи жана чыптамаларды 3000-3800 сомго чейин жасайт», — деди ал.

Каарманыбыз келечекте элеттеги кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылгысы келет.

«Кесиптик лицейде иштеп жүргөн мезгилде көп балдарга билим бердим, ыраазычылыкка ыроолондум. Жамаат арасында кадыр барктуу болдум, «Кесиптик-техникалык билим берүүнүн отличниги» деген наамга татыктуу болуп, медаль алдым. Азыр көптөгөн кыздарга сеп жасап, бата алып жатабыз. Ушунун баары мен үчүн ийгилик деп эсептейм.

Азыр айыл жергесинде жумушсуз жүргөн адамдар көп. Ушул ишимди өнүктүрүп, бош жүргөн кыз-келиндерге өз билгенимди үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылсам дейм», — деди ал.

Бактыгүл Исакова жолдошу менен биргеликте 2 кыз жана 3 уулду тарбиялап-өстүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️