Тоңдо бодо малдын жал-куйругуна түнкүсүн жарыкка чагылуучу тасмалар тагылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районунда мал-жандыктардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттөрдүн адистери жана жарандык активисттердин катышуусунда «Веткозомол-мал уурулук» жана «Малдын катышуусунда жол кырсыктарын алдын алуу» аталыштагы рейддик иш-чаралары уюштурулду.

Анда кароосуз жүргөн мал-жандыктардын ээлери табылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге бодо малдын жал-куйругуна түнкүсүн жарыкка чагылуучу тасмалар тагылды. Тургундарга малды кароосуз калтырбоо жана жолго чыгарбоо эскерилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️