Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Turmush26-марттан 28-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр—Талас—Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымында, Ош—Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179 чакырымында, Сары-Таш—Дароот-Коргон—Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы), Бишкек—Нарын—Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман—Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-29-март күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️