Пример HTML-страницы

Тоолор курчаган Миң-Кушта жасалып жаткан ири иштер. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун алыскы Миң-Куш айыл аймагында алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаровдун Миң-Куш эли менен болгон жолугушуусунан соң учурда бир канча социалдык объектилеринде оңдоп-түзөө иштери өтүүдө. Алардын катарында Миң-Куш аймактык ооруканасы жалпы 32 млн сомго капиталдык оңдоодон өтүп жатса, Арманбек Өмүралиев атындагы №24 кесиптик лицейдин Миң-Куш филиалынын чатыры 13 млн сомго жаңыртылды. Мындан тышкары жылуулуу тармагы жакшырып, эшик-терезелери менен санузелдери алмаштырылып жатат.

Аны менен катар Н.Крупская атындагы орто мектебине түрткү берүүчү гранттын эсебинен 5 млн 600 миң сомго кошумча корпус берилет.

Учурда Кабак айылында 2 кабаттан турган 150 орундуу И.Орозалиев атындагы орто мектебинин курулушу жүрүп жатат.

Мектеп окуучуларын ташуу үчүн эк унаа алууга райондук өнүктүрүү фонду 3 млн сом бөлдү. Буга чейин 2 унааны президент Садыр Жапаров тапшырып кеткен.

Айыл аймакта жалпы 5 бала бакча болсо, анын үчөө учурда АРИС аркылуу капиталдык оңдоодон өтүп жатат.

Мындан сырткары, айылдык маданият үйүнүн чатырынан баштап эшик-терезелерине чейин алмаштырылып, толук капиталдык ондоодон өтүп жатат.

Миң-Куш айыл амагында 6 кичи футбол аянтчасы бар. Алардын баары заман талабына ылайык курулган. Ал эми кышкысын муз аянтчасы, жайкысын футбол талаасына айланган стадион ушул жылы оңдолот. Аны менен бирге 24 чакырымды түзгөн Сары-Булуң—Миң-Куш—Арал жолу президенттин көзөмөлү менен быйыл асфальтталат.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 41 млн сом болсо, анын 25 млн сому тоо-кен тармагынан түшөт. Ал эми 16 млн сом мамлекеттен каржыланат.

Миң-Куш айыл аймагынан көмүр өндүргөн ондогон ишканалар социалдык баштык аркылуу 1000 тонна көмүр отунун муктаждарга таратып берген.

Жакынкы күндөрү айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканага атайын техникалар алынат.

Быйыл райондук өнүктүрүү фонд жана жергиликтүү бюджеттин каражатына Кызыл-Коргон айылындагы таза суу системасы оңдоодон өтөт. Анын жалпы наркы 2,9 млн сом.

Аймакта күйүүчү-майлоочу май саткан жайлардын жоктугу көйгөй жаратып келген. Эми быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Миң-Куш айылынын кире беришине күйүүчү-майлоочу май саткан жай салынганы турат.

Интернет жок, кокту-колоттон байланыш издеген Сары-Булуң айыл элине 1 млн сомго интернет тартылды.

Миң-Куш айыл аймагына караштуу Кең-Суу, Ак-Көл айылдарына электр жарыгы биринчи жолу тартылып барды.

Айыл өкмөт башчысы Шайырбек Сасыкуловдун айтымында, жасалып баштаган иштер жыл айланбай бүтсө, алдыда дагы көп пландар бар. Алардын катарында Миң-Куш айылындагы турак жайлардын чатырын алмаштырып, эски имараттардын сырткы оңдоо иштери турат.

Миң-Куш деңиз деңгээлинен 2120 метр бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкектен 400, облустун борбору Нарын шаарынан 300, райондун борбору Чаек айылынан 55 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Советтик мезгилде шаарчада 20 миңдей киши жашаса, азыр 4 миңге жетпеген эл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE