ТОНАЛДЫК КРЕМ ТАНДАЙБЫЗ

https://kyrgyzcha.site/?p=62308&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТОНАЛДЫК КРЕМ ТАНДАЙБЫЗ

Мен жашоомду тоналдык кремсиз элестете албайм…» Мындай кепти айымдардын көпчүлүгүнөн угууга болот. А сиз алардын катарын толуктайсызбы? Бул каражатты бетиңизге сүйкөп жатып анын курамында эмне бар, териңизге кайсы түрү туура келет, деги эле анын тарыхына кызыгып көрдүңүз беле? Төмөнкү макала дал ушул косметикалык каражат тууралуу болмокчу, таанышып коюңуз.

 

ТАРЫХЫ

 

Алгач Байыркы Мисирде, Байыркы Рим жана Байыркы Грецияда упа пайда болгон. Алар упаны шайтандардан коргойт деп ишенишкен. Кийинчерээк, бул каражатты колдонгон айымдар ак сөөктөрдүн урпактары экендигинен кабар берген. Аны ун, бор, чопо, акиташтардан жасашкан. Бирок мындай упаны колдонгондордун ден соолугу начарлап, жыйынтыгында жүрөк, боор ооруларына чалдыгышкан.

Пример HTML-страницы

Ал эми кытайлык гейшаларга ден соолук керек тура. Алар жүзүн канаттуулардын кыгы, өсүмдүктөрдөн бөлүнчү чаң (пыльца растений) жана күрүч упасы менен агартышкан.

Албетте упа кийин тоналдык кремдин пайда болушуна түрткү болгон. 1935-жылы «Max Factor» фирмасы тарабынан актёрлор үчүн грим катары колдонуу максатында, чакан банкада «блинчик» аталышында чыккан. Андан бери сулуулук индустриясы бул жаатта бир топ өнүктү. Бүгүнкү күндө ар бирибиздин суроо-талабыбызга жооп берчү тоналдык кремдердин түрү бар. Болгону алардын кайсы түрү кандай учурда жана эмне үчүн колдонуларын билүү зарыл.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️