Токтоян айылынын тургуну тарткан видеосу менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-июнда Түп районуна караштуу Карасаев айыл аймагынын Токтоян айылында сел жүрдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки жолку катуу жааган жамгырдан улам айыл ичин кыян каптап, турак жайларга, жер төлөө жана сарайларга сел суусу кирип, үлүш жерлерди жууп кетти.

«Бүгүн болжол менен саат 14:30 чамасында башталган жаан 20 мүнөттөй жаады. Андан соң токтоп, бул көрүнүш дагы 20 мүнөттөй кайталанды. Натыйжада айыл ичин сел каптап, турак жайыбызга чейин суу кирип кетти. Үйдүн ичинен суу чыкканы эмне деген шумдук? Айдаган өсүмдүктөрдү ылай суу жууп кетти», — дешет жергиликтүүлөр.

Учурда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жерине техникалар тартылганын билдирди.

Пример HTML-страницы

«Тоодогу өткүндөн улам чогулган суу каналдагы сууга кошулуп, ал каналдан ашып, айылды каптап кеткен. Азыркы тапта ӨКМден, айыл өкмөтүнөн жана райондук суу чарба бөлүмүнөн 3 оор техника тартылып жатат.

Болжолдуу маалыматка таянсак, 11 турак үйдү сел каптаганы белгилүү болду. Анын ичинен 4 үйдүн сарайын, 5 үйдүн огородун, 1 үйдүн жер төлөөсүн, 1 турак жайдын ашканасын каптаган. Мындан сырткары огород жана эгин талааны кошкондо 3 гектарга жакын жерди кыян жууп кетти», — деп билдирди Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 21-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Саат 23:00дөн тартып төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле 22-июнь күнү саат 17:00дөн тартып Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️