Токтогулдун алыскы Чолпон-Ата айылында 14 млн сомго бала бакча курулду

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айыл аймагында 75 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, алыскы айылдагы бала бакчанын ачылыш аземине президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, райондун акими Акылбек Түкебаев баштаган кызматкерлер катышты.

Чолпон-Ата айылындагы «Ак-Тилек» бала бакчасынын имаратынын курулушу 2014-жылы башталган. Бул мектепке чейинки билим берүүчү жай үчүн Токтогул райондук атайын фонддон, жергиликтүү бюджеттен, түрткү берүүчү гранттан, Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан жалпы 14 миллион сомдон ашык каражат жумшалды.

Токтогул районунда жыл башынан бери 2 бала бакча пайдаланууга берилди. Райондо жалпы 20 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️