Токтогулдагы жашоочулар билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алууну талап кылышты

TurmushПрезиденттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Токтогул районундагы жашоочулар менен жолугушуусунда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алуу сунушу айтылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушууга катышкандардын айтымында, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Зулпукарованы кызматтан алуу же ротация жасоо керек. Алар жетекчини сынга алып, билим берүү тармагында өзгөрүү болбой жатканын, бала бакча жетекчилерин коюуда тааныш-тамырга жол берилип келгенин белгиленип, кадр тандоо боюнча нааразычылык айтышты.

Ал эми Дамира Зулпукарова квалификациялык талаптарга ылайык иш алып барарын айтты.

«Бала бакча жетекчисин коюуда 2-3 кадр болуп калат, анан талаптарга карап тандалат. Мага сын айткандар билим берүү тармагында иштебегендер», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️