Токтогулдагы айыл өкмөт башчы президенттин өкүлүнөн жаңы тез жардам унаасын сурады

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жалгыз тез жардам унаасы эскирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Айыл аймактын башчысы Көчкөнбай Тууганбаевдин айтымында, бул аймакка заманбап тез жардам унаасы зарыл.

«Бизде 11 айыл тыгыз жайгашкан. Оорукана, төрөт бөлүмү бар. Эл башка аймактарга деле барышпайт. Бизге жаңы, заманбап унаа бөлдүрүп берсеңиздер. Бизге эскилиги жеткен унаанын кереги жок, жаңысы керек», — деди ал.

  • Облус башчынын район-шаарлардагы жашоочулар менен жолугушуусу Токтогул районунан башталды. Жолугушууга келген жашоочулар негизинен таза суу, сугат суу маселесин көтөрүштү. Райондогу мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча да айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️