Токтогулда жайлоого кеткен кишинин өмүрү кыйылып, 62 жаштагы таанышы кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushТоктогул районунда киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү Кара-Көл ШИИБге шаардын 1987-жылы туулган тургуну Ж.Б. арыз менен кайрылган. Ал 1976-жылы туулган жолдошу Ж.Д. 19-октябрь күнү саат 17:00 чамасында өзүнүн Айбек жана Серега аттуу тааныштары менен бирге Токтогул районундагы Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирип, аны табууга жардам сураган.

Аталган маалымат Кара-Көл ШИИБде катталып, аймактык караштуулугу боюнча Токтогул РИИБге жөнөтүлүп, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Аракеттердин негизинде дайынсыз болуп жаткан Ж.Д. аттуу адамды сөөгү Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгинен табылган. Ал киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Кара-Көл шаарынын мурда соттолгон, 1962-жылы туулган тургуну Г.С. кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал жасаган кылмышын мойнуна алып, Д.Ж. экөө пикир келишпестиктен улам уруша кетип, аны балта менен башка чаап өлтүрүп сууга ыргытып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып кеткени маалым болгон.

25-октябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, 2 айга камакка алынган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️