Пример HTML-страницы

Токтогулда 15 жаштагы кыз зордукталган. Шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы жаран кармалды. Бул маалыматты Turmush басылмасына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-сентябрына караган түнү саат 02:00 чамасында Токтогул районунда жаш кызды 36 жаштагы жаран күч колдонуп зордуктаганы тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн.

Бул окуя Токтогул РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал 10 жылдан бери өспүрүм кыз жашаган үйдөгү жумуштарга жардам берип, жашап жүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX