Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

TurmushЖергиликтүү жашоочулар бүгүн, 14-апрелде Токтогул суу сактагычынын сүрөтүн тартып, жөнөтүштү.

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, 14-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 97,14 млн куб метрди түздү. Суунун агып киргени секундасына орточо 700 куб метр болсо, агып чыгуусу — 164 куб метр.

Ал эми 2021-жылы 14-апрелде суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд 577 млн куб метр болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️