Пример HTML-страницы

Токтогул суу сактагычынан балыкка салынган торлорду алып чыгышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТоктогул суу сактагычынан узундугу 500 метрге чейинки синтетикалык торлор алынды. Бул тууралуу Turmush басылмасына экологиялык кыймылдын жетекчиси Акыл Гүлжигит уулу билдирди.

Анын айтымында, балык урук чачкан убакта балык уулаган браконьерлер менен күрөшүү жүрүп жатат.

«Токтогул суу сактагычынын жээгинде 5 айыл жайгашкан. Айыл тургундары дайыма балык уулашат. Бирок акыркы учурда балыкты кайырмак менен эмес, тор салып уулагандар көбөйдү. Мындан улам экоактивисттер балыктар икра чачкан учурда ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте Токтогул суу сактагычына салынган торлорду чогултуп, жок кылдык. Жыйноо учурунда узундугу 500 метрге жеткен синтетикалык торлорду алдык. Бирок бизде атайын сууда сүзүүчү моторлуу кайыктар жок болгондуктан көлдүн орто ченине салынган торлорду ала алган жокбуз. Ал боюнча район акими менен сүйлөшүп, мындай иш-аракеттер алдыңкы күндөрү да улантылат», — деди ал.

«Жашыл өрөөн» кыймылы 3 жыл мурун түзүлгөн. Кыймылдын ыктыярчылары аймактагы экологиялык маселелерди көтөрүп, район аймагындагы коруктарда жашаган кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE