Токтогул шаардык кеңешине 7 партия ат салышып жатат. Шайлоочулардын 20,6 пайызы добуш берди

TurmushТоктогул шаардык кеңешинде шайлоо жүрүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, шаардык кеңештин 31 мандаты үчүн 7 партия ат салышууда.

БШКнын Токтогул району жана Кара-Көл шаарындагы атайын өкүлү Азамат Ажиканов саат 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 20,6 пайызы добуш бергенин айтты.

«Бүгүнкү күнү Токтогул шаардык кеңешине да шайлоо жүрүп жатат. Мында 7 партия ат салышкан. Алар: «Тынчтык», «Мекен Ынтымагы», «Ынтымак», «Бирге», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Эл үмүтү» партиялары. Калаада 5 шайлоо участкасы бар. Эртең мененки саат 08:00дөн бери сервер же автоматташтырылган башкаруу системасы (АСУ) иштебей калды деген кайрылуу же мыйзым бузуу катталды деген арыз түшө элек. Саат 14:00гө карата жалпы шайлоочулардын 20,6 пайызы добуш берди»,-деди атайын өкүл А.Ажиканов.

Токтогул шаарында жалпы 12 991 шайлоочу бар. Алар калаадагы 5 шайлоо участкасынан добуш бере алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️