Токтоболот уулу Санжар күлүктөрдү таптап, бейгеге коюлган унааларды утуп келе жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush

Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 28 жаштагы тургуну Токтоболот уулу Санжар саяпкерлик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби бюнча ветеринар.

«Атам саяпкер болгондуктан бала чагымдан ат менен жүрүп, кызыгып, чабандес болуп ат чапчумун. Анан ата жолун жолдоп саяпкер болууну чечтим. Жалпы саяпкерлик тажрыйбамда 3 автоунаа уттум. Калганы акчалай сыйлыктарды алганбыз.

Алгач Фаворит аттууатты чаптым. Аны менен автоунаа, 150 миң, 100 миң деген акчалай байгелерди утуп жаттык. Анан ошондон улам «атымды даярдап бер» деп берип калышты. Атты бакканда өзүнүн рациондору бар. Кээ бир ат көп жем, чөп жейт. Ага ошондой көп жумуш беребиз. Аз жегенге жеңил көнүгүү жасатам. Ар бир ат өзүнүн жөндөмүнө жараша бааланат. Жакшы чабылып, байгелүү жүргөн аттарды оюндан кийин эле баасын чыгарып, сурап келишет. Өзүнө жакса ээсине бересиң, жакпаса жок деп даярдап, кайра оюндарга алып чыгабыз.

Атты оюнга даярдоодо башында 1 ай тоого минип келем. Физикалык жактан булчуңдарын толтуруп келем. Анан чуркай турган аянтта даярдай баштайм. Жарышты түшүнүп чуркаш үчүн атты даярдай баштайм. Оюнга жакын калганда эспарцет чөбүн беребиз, ал жеңил болот. Чуркаганына дагы жеңил. Бир атты формага келтириш үчүн 5-6 ай убакыт керек», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Санжар мырза жубайы экөө 1 кыздын атас-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️