Токойчу Мирбек Мундузбаев 3 жылдан бери тайган багып келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй районунун Кегети капчыгайындагы токой чарбасынын егери Мирбек Мундузбаев 3 жылдан бери кыргыз тайгандарын багып келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Ал 1978-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн. Анын Гүлсары жана Ак-Кула аттуу тайгандары бар.

«15 жыл мурун Кегети капчыгайын балатылар жана башка бак-дарактын көчөттөрү отургузулуп баштаганда токойчу болуп жумушка киргем. Ошондон бери иштеп келип, акыркы 5 жылдан бери Токой чарба кызматында егер болуп иштеп жатам.

Ал эми кыргыз тайгандарын 3 жылдан бери кармап, багып келем. Бул кыргыз тайгандар өзүнүн акылдуулугу жана күлүктүгү менен айырмаланып турат.

Өткөндө Чүй районунда «Мерген-Фест» аттуу сынак өткөрүлдү. Анда менин Гүлсары аттуу тайганым карышкыр кармоо боюнча 2-орунду алса, анын күчүгү тазалык боюнча 2-орунду алды», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыз быйыл Чүйдө чөө күч болуп жатканынан быйылкы аң уулоого уруксат алып, тайганы менен мергенчиликти баштаарын билдирди.

«Карышкырды, чөөнү азайтып турбаса жоголуп бара жаткан тоо текелерге, кыргоол сыяктуу канаттууларга жана үй жаныбарларына зыян алып келет. Быйыл чөө абдан көбөйдү. Булар иттей болуп, бир тууганда 6-7ни тууп, бат эле көбөйүп кетишет экен. Менин тайгандарым буга чейин 2 чөө кармашкан. Ал эми азырынча карышкыр кармай элек.

Бир жолу кичинекей күчүк тайган менен токой аралап жүргөндө тоо бетиндеги жылкыларга 4 карышкыр кол салды. Кичинекей тайганым өзүнүн кичинекейлигин билбестен, карышкырларды көздөй атырылып, ырылдап тап берип жөнөдү. Бирок 4 карышкыр 4 жагынан чыгып, бери кубалашты. Негизи тайган эч убакта карышкырга жеткирбейт. Кубаласа жетип барат тескерисинче карышкыр кубаласа жеткирбей качат. Ушундай күлүк жаныбар», — деди ал.

Мирбек мырза үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун атасы. Анын жолун жолдоп 6 жаштагы уулу дагы күчүк ээрчитип, табият койнуна чыкканды жакшы көрөт.

«Балдарымдын ичинен эң кичүү уулум менин жолумду жолдойт го деп ойлойм. Кичинекей күчүк сатып бергем. Ошону ээрчитип жүрөт. Фестивалга дагы ээрчитип баргам. Ал жактагы сынакты, сынакка барган тайгандарды көрүп, аябай таасирленди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️