Токмоктун мал базарында саан уй саткандар көбөйүүдө

TurmushКечээ, 10-апрелде Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарда музоолуу саан уйлар сатыкка көп чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Соодагерлердин айтымында, музоолуу уйлардын сатыкка көп чыгышы сүттүн баасына байланыштуу болушу мүмкүн.

«Сүттүн баасын көтөрүү боюнча бир катар нааразычылыктар айтылып жатат. Буга улай сүттүн баасы 50 сомго чейин көтөрүлөт деген кептер бар. Мындан улам сүттүү уйлардын өтүмү жакшы боло баштады. Бирок, чарба уйларды дагы сатыкка көп алып келип жатышат», — деди соодагерлер.

Чарба, музоолуу уйлар 40 миӊ сомдон 90 миӊ сомго чейин;

Сүт багытындагы породалуу музоолуу уйлар 120 миӊ сомдон 280 миӊ сомго чейин;

5-6 айлык букалар 25-40 миӊ сомдун айланасында сатылса;

Пример HTML-страницы

Жаӊы туулган эркек музоолор 14-30 миӊ сом, ургаачылары 8-15 миӊ сом болуп жатат.

Жаӊы туулган козулар 500-3000 сомго чейин сатылса, семиз койлор 10-15 миӊ сомдун айланасында болду.

Ал эми арпа саман 280-300 сом, беде 400-420 сомдон бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️