Токмоктун «Булак» базарынан телефон уурдаган адам видеого түшүп калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусуна караштуу Токмок шаарынын «Булак» базарындагы окуу-курал саткан жерде телефон уурдаган адам видеого түшүп калган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2024-жылы 15-сентябрда саат 13:30 чамаларында болгон. Азиат улутундагы жигит жашыруун түрдө уюлдук телефонун уурдап кеткен. Бул факты Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучунун өздүгү такталып, 1989-жылы туулган И.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз жазган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 1994-жылы туулган И.Н. аттуу жаран кармалып, иликтөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилди.

Көрүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жаран И.Н.га кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык юридикалык баа берилип, процессуалдык чечим чыгарылат.

Пример HTML-страницы

Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️