Токмоктун борборунда иш күнү чөп чапкан кызматкерлер сынга кабылды

TurmushТокмок жылуулук менен жабдуу ишканасынын кызматкерлери шаардын борборунда чөп чаап жүрүшөт.

Шаардык кеӊештин депутаты Чолпон Сыдыкова буга чейин койлор оттоп жүргөн Шамшы көчөсүндө аталган ишкананын кызматкерлери чөп чаап жүргөнүн сынга алып, бул алардын жумушу эмес экенин билдирди.

«Ишембилик өткөрүү үчүн бүгүн ишемби күн эмес. Бүгүн жумуш күн. Булар жылуулук боюнча оӊдоп-түзөө иштери менен алек болушу керек. Сезонго даярданышы керек», — деди ал.

Ал эми ишкананын жетекчилиги жарыяланган ишембиликтин 3 айлык иш-чарасынын негизинде мэрия тарабынан ушул аймак бөлүнүп берилгенин айтышты.

«Республика боюнча азыр ишембиликтер өтүп жатат. Биздин шаарда дагы ишембилик жарыяланган. Бул көчө бизге мэрия тарабынан бөлүнүп берилген. Биз ушул аймакты тазалап, чөбүн чаап, башка иштерин кылабыз. Бизден башка мекемелер дагы бөлүнүп берилген аймактарына чыгышат. Бүгүн 2-3 бала бир аз бош болгонунан улам, чөптү чаба берүү боюнча тапшырма бергенбиз», — деп билдиришти.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️