Токмоктогу сейил бак ачылуу алдында турат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы кичи райондо салынып жаткан сейил бактын 80 пайызы жасалып бүттү. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык жеке менчик башкармалыгынан билдиришити.

Маалыматка караганда, сейил бакка трансформатор жана жарык орнотулат. Тротуарларды төшөө, газондорду стилизациялоо иштери аяктоо алдында турат. Мындан сырткары, долбоордо балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жай да каралган. Ал эми парктын жалпы аянты 98 миң 989 чарчы метрди түзөт.

Долбоор боюнча иштерди аяктоо ушул жылдын ноябрь айынын аягына пландалууда.

1-3-кичи райондордун ортосунда сейил бакты куруу шаарды өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. Шаарды өнүктүрүүгө жалпы 1 млрд сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️