Токмоктогу ооруканада башынан жаракат алган аял жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 26-августунда Чүй облусунун Токмок шаардык ооруканасына кечке маал башынан жараат алган (тешилген) аял жаткырылган. Ал өзүнүн ким экенин билбей жатканын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалык борборунан билдиришкендей, анын жарааты тигилип, дарыланып жатат.

«Аялдын айтымында, анын аты Конкова Нина Александровна, 1950-жылы туулган. 2 уул, 1 кызы бар. Бир уулунун аты Конков Андрей Викторович. Ал эми экинчи уулу менен кызынын ысымын, өзүнүн жашаган дарегин эстей албай жатат», — деп билдиришти.

Кийинчерээк дарыгерлер аял башынан (1-1,5 сантиметр) жараат алганын кошумчалашты.

«Жалпысынан анын абалы азыр жакшы, көрсөткүчтөрү туруктуу, жарасы олуттуу эмес. Бирок мезгил-мезгили менен эсин жоготуп жатат. Туугандары да келген жок. Биз ага мурда Светлицкая Нина Александровна деген ат менен оору баянын ачыптырбыз. Балким кыз кезиндеги фамилиясы жана күйөөсүнүн фамилиясы болушу мүмкүн», — дешти алар.

Пример HTML-страницы

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факт Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, иликтөө иштери башталган.

«27-август күнү Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарынын Пушкин көчөсүндө болжол менен 50-60 жаштар чамасындагы аял жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөө тобу келгенде ооруканага түшкөн аял уктап жаткандыктан, аны суракка алуу мүмкүн болгон эмес. Ал өзүн Конкова Нина Александровна деп тааныштырган, ал психикалык жактан жабыркап, эс-учун жоготкон. Көчөдө жыгылып, башынан жаракат алганын айткан.

Аймактык ооруканага бир нече жолу кайрылганда жаран Н.А.Конкова берилген суроолорго жооп бере алган жок, ошондуктан протокол түзүлдү. Бул факты боюнча бардык керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️