Токмоктогу катуу шамал мектептеги спорт залдын чатырын учуруп кетти. Видео

TurmushТокмок шаарында 29-март күнү саат 15:35 чамасында ылдамдыгы 20-22 метр секундага жеткен катуу шамал катталып, Комсомол көчөсүндө жайгашкан №1 орто мектебинин болжол менен 91 чарчы метр спорт залынын тунике менен жабылган чатырын учуруп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, имарат Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгына тийиштүү болгон.

Жерине Токмок шаардык ӨКБдан 2 офицер жана атайын комиссиясынын өкүлдөрү тартылган.

Түшүндүрүү иштери жүрүп, калыбына келтирүү иштери Токмок шаарынын мэриясына милдеттендирилген.

Жабыркандар жок.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️