Пример HTML-страницы

Токмоктогу хирург Максат Имакеевдин баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгеринин орун басары, хирург Максат Имакеев бир нече жылдан бери медицина тармагында иштеп келе жатат. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы маектешти.

Максат Имакеев 1988-жылы Кемин районунда жарыкка келген. 2006-жылы Чым-Коргон айылынын А.Казакбаев атындагы орто мектебин аяктаган. 2012-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөн. Эки жыл урологияда ординатурадан өтүп, 2015-жылдан бери Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия бөлүмүндө иштеп келет. Ал эми оорукананын башчысынын орун басары болгонуна 3 ай болду.

«Практикамда ар кандай бейтаптарды көрдүк. Бир жолу жол кырсыгына кабылган 9 адам түштү. Алар эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү экен. Жабырлануучуларды тез жардам унаасы менен оор абалда алып келип жатышты. Жарымы жолдон эле каза болсо, калганы ооруканага келгенде каза болушту. Абалдары абдан оор болчу. Дарыгерлер болгон аракетин жасашты. Ошондо тез жардам кызматынын кызматкерлери бир үй-бүлөнүн ичинен жалгыз 2 жаштагы кыз аман калганын айтышты. Аны угуп ого бетер жаман болдук. Бир заматта баарынан айрылып, жетим калды.

Акыркы жылдары курч панкреатит, өт жана сокур ичеги оорулары көбөйдү. Мунун баары туура эмес таактануудан келип чыгат. Өтө майлуу, күчтүү тамактарды ашыгы менен жеп, ашказанды кыйнап коюшууда. Ошондуктан туура тамактанууга аракет кылуу керек», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы, 1 уул, 3 кыз. Бош убактысында балдары менен сейилдейт. Спорт залдарга барып, көнүгүү жасап, машыгып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE