Токмокто жаш спортчу менен машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарында кикбоксинг боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Лю Самир жана анын машыктыруучусу Машанло Абдулбекер сыйланды.

Маалым болгондой, аларга мэрдин резервдик фондунан 10 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Спортчуларга сыйлыктарды шаардын вице-мэри Аида Рысбаева тапшырды.

2008-жылы туулган Лю Самир Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Ал А.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясында окуган. Учурда Бишкектеги Туризм академиясынын колледжинде окуйт. Лю Самир көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү.

Анын машыктыруучусу, кикбоксинг боюнча спорт чебери Машанло Абдулбекер 2018-жылдан бери «Барс» спорт клубунда эмгектенип келет. Анын жетекчилиги астында 5 өспүрүм спорттун чеберине кандидат болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️