Токмокто жаш кыз бара жаткан унаа кырсыкка кабылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-июль күнү түнкү саат 01:00 чамасында Токмок шаарында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кызыл түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, электр мамысын сүзгөн. Натыйжада 1 киши жабыркап, тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишти. Өзүн айдоочумун деп тааныштырган кыз милиция кызматкерлерине баш ийбей жатты. Ал мас абалда болгону айтылып жатты.

Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяны тактап жатат.

Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан бул окуя боюнча маалымат беришти.

«Аталган жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок. Бирок ошол жерде жүргөн жарандын бири нервинен жабыркайт экен. Турган жеринен өзү жыгылып калган жана абдан мас абалында болгон», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️