Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарынын Султан Ибраимов көчөсүндөгү жол чырак туура эмес иштеп, айдоочуларды бушайман кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Видео кечээ, 24-май күнү тартылган.
Токмок шаардык мэриясынын кызматкерлери бул тууралуу ЖКККБга айтылганын билдиришти.
Алар өз кезегинде жол белгилерин коюшкан. Жол чыракты 30-майга чейин калыбына келтирүү тапшырмасы берилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.