Токмокто мүрзөлөрдүн темирлерин уурдап, талкалап кетишти

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында православдардын мүрзөсүндөгү темирлерди уурдап кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 24-мартта тургундар аталган мүрзөдөгү темирлердин жоголуп кеткенин, айрымдары талкаланып калганын көрүшкөн.

«Бул боюнча милицияга арыз жазылды. Башка көрүстөндөрдө дагы ушундай көрүнүш байкалса, милицияга кайрылуу керектигин сунуштайт элек», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️