Токмокто энелерге «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы тапшырылды. Алардын алды 10 балалуу

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-сентябрда Чүй облусунун Токмок шаарында көп балалуу энелерге сыйлык тапшырылды.

Маалым болгондой, иш-чара шаардык мэрияда уюштурулду. Салтанаттын алкагында Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев 5 энеге «Баатыр эне» орденин, 5 энеге «Эне даңкы» медалын тапшырды.

«Баатыр эне» орденин алгандар:

1) Чолпон Досматова, 7 баланын апасы;

2) Уулжан Исакова, 7 баланын апасы;

Пример HTML-страницы

3) Калыбек кызы Бактыгүл, 7 баланын апасы;

4) Халима Харсан, 7 баланын апасы;

5) Жамилахон Холбаева, 10 баланын апасы.

«Эне даңкы» медалы менен сыйлангандар:

1) Айбалант Бактыгулова, 6 баланын апасы;

2) Наргиза Батирова, 6 баланын апасы;

3) Анархан Мадумарова, 6 баланын апасы;

4) Наргиза Табалдиева, 6 баланыны апасы;

5) Эмилбек кызы Венера, 6 баланын апасы.

  • «Баатыр эне» ордени менен энелер — жети жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

  • «Эне даңкы» медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган, алтынчы баласы бир жашка толгон жана башка балдары тирүү Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️