Токмокто башына пескоблок түшүп кеткен бала каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарынын 11 жаштагы тургуну башына пескоблок түшүп кеткенден кийин 2 ай ооруканага жатып, каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Баланын башына 1,5 метр бийиктиктен пескоблок түшүп кеткен«», — дешти алар.

Ал эми Чүй райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан аталган өспүрүм баланы 2024-жылдын 18-августунда ооруканага алып келишкенин билдиришти. Ооруканадан алгачкы жардам көрсөтүлүп, абалы оор болгонуна байланыштуу Бишкек шаарынын №3 балдар ооруканасына которушкан.

Дарыгерлердин айтымында, балага эки жолу операция жасалган. Бирок, эки күн мурун ал комага түшүп, 19-октябрда каза болуп калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️