Пример HTML-страницы

Токмокто 9-класстын окуучулары түшкөн унаалардын айдоочулары четинен кармалып, айып пул салынууда (толукталды)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда 9-класстын бүтүрүүчүлөрү унаа башкарып, жол эрежесин бузушканын аймактык кабарчыга күбөлөр билдирди.

Окуя кечээ, 25-май күнү болгон.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 25-майда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда Токмок шаарынын №9 орто мектебинин окуучулары унаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалымат тарап, социалдык тармактарга видеолор жарыяланган.

Токмок ШИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан видеого түшүп калган унаалардын айдоочулары 23-24 жаштагы жарандар экендиги аныкталган. Текшерүү учурунда алардын айдоочулук күбөлүктөрү болгон.

Ал эми жүргүнчүлөр Токмок шаарынын №9 мектебинин окуучулары экени такталды. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелери Токмок ШИИБдин тергөө кызматына чакыртылды.

Ал эми унаалардын айдоочуларына Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесине (автоээнбаштык) ылайык 15000 сомдон айып пул салынып, унаалары айып короого токтотулду.

Учурда калган унаалардын айдоочулары изделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE