Токмокто 61 жаштагы аялды унаа сүзүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарындагы Ленин көчөсүндө 61 жаштагы аялды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

«Ушул Ленин жана Родниковая көчөлөрүнүн кесилишинде күн алыс жол кырсыгы катталып турат. Себеби «пешеходдун» белгиси турса да айдоочулар ылдамдыкты азайтпайт. Ушул жерде түндө эч нерсе көрүнбөйт», — деди күбөлөр.

Ал эми Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, 1963-жылы туулган У.Р.ны түндө ооруканага алып келишкен. Учурда анын абалы орто туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️