Токмокто 275 орундуу бала бакчанын имараты курула баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТокмок шаарындагы Достук көчөсүндө заманбап бала бакча имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев билдирди.

«Бул бала кичинекей жеткинчектердин татыктуу тарбия алып, өнүп өсүшү үчүн бардык шарттары менен заманбап болуп курулат. Ойной турчу кенен бөлмөлөр, жайлуу уктоочу бөлмөлөр жана бардык жабдыктар менен камтылган окутуу бөлмөлөр болот. Дене тарбия менен алектенүү үчүн спорттук зал курулса, чыгармачылык таланттарын өркүндөтүү үчүн музыкалык-көркөм студия дагы болот.

Эң негизгиси балдардын коопсуздугу каралат. Бала бакчанын аймагы жашылдандырылып кооздолот. Короодо коопсуз ойноочу аянтчаларды, таза абада дем алып, сейилдөө үчүн аянтчалар каралат.

Бул бала бакча Токмок шаарынын социалдык инфраструктурасынын маанилүү объектисине айланат. Мектепке чейинки билим берүү шарттарын бир топ жакшыртат жана өсүп келе жаткан муундун өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет», — деди ал.

Бул долбоор республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун алкагында ишке ашырылат. Курулуш ишин мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен келишим түзгөн «Элдияр-Строй» ЖЧКсы алып барат.

Пример HTML-страницы

Курулуш мөөнөтү 90 күнгө пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️