Токмок шаарынын вице-мэри болуп Аида Рысбаева дайындалды (өмүр баяны)

Акыркы жанылыктар

TurmushАида Рысбаева Чүй облусунун Токмок шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.

Буга чейин ал Билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалап келген.

Рысбаева Аида Жолочуевна 1972-жылы 15-сентябрда туулган. Ал 3 баланын апасы.

Билими:

— 1989-1995-жылдары — Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында дарылоо иши адистиги боюнча окуган;

Пример HTML-страницы

— 1995-1997-жылдары — Кыргыз медициналык академиясынын тери-венерология кафедрасында клиникалык ординатурада окуган;

— 2021-2023-жылдары — Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында «мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» магистри;

Эмгек жолу:

— 1988-жылы — Кыргыз акушердик жана педиатрия илим-изилдөө институтунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн санитары;

— 1998-2001-жылдары — №14 шаардык ооруканасында тери жана венерология дарыгери;

— 2001-2002-жылдары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик-медицина кызматында тери жана венерология дарыгери;

— 2002-2003-жылдары — Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы саламаттыкты сактоо реформаларын координациялоо жана өздөштүрүү башкы башкармалыгында жетектөөчү адис;

— 2003-2007-жылдары — «Манас» эл аралык аэропортунда медициналык-санитардык бөлүмдүн башчысынын орун басары;

— 2008-2009-жылдары — №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары;

— 2009-2017-жылдары — №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;

— 2013-2017-жылдары — Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университетинин терапия кафедрасынын улук окутуучусу;

— 2017-2019-жылдары — №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун директору;

— 2019-2020-жылдары — Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси;

— 2020-2023-жылдары — Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысынын Биринчи май администрациялык району боюнча социалдык маселелер боюнча орун басары;

— 2023-жылы майдан 2023-жылдын ноябрына чейин — Билим берүү жана илим министринин орун басары;

— 2023-жылдын декабрь айында — «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жылуулук энергиясын жана жылуулук алып жүрүүчүнү эсепке алуу приборлору боюнча бөлүмүнүн башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️