Пример HTML-страницы

Токмок шаарынын тургундары сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушуна күбө болушту

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарынын тургундары сейрек кездешүүчү жаратылыш кубулушун — жарык мамыларды көрө алышты.

Сүрөттөр 17-февралда саат 01:30 менен 02:40 чамаларында тартылган.

Жарык булактарынан чыккан жарык мамычалары атмосферада жогорку деңгээлде болуп жаткан процесстер менен түшүндүрүлөт. Оптикалык эффект нур алдынды абада калкып жүргөн муз кристаллдарынан чагылышында пайда болот. Фонарлардан, прожекторлордон же жаркыраган асман телолорунан чыккан жарык кичинекей муз призмаларынын четтеринен чагылат. Жарык мамылар ушинтип жасалат. Жарык булагы канчалык төмөн болсо, мамы ошончолук бийик болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE