Токмок шаарында Жаштар аллеясынын ачылыш аземи болду

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарында С.Ибраимов көчөсүнүн боюнда курулган Жаштар аллеясынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аллеянын ачылышы Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана калаа мэри Максат Нусувалиевдин катышуусунда өттү.

Аземдин катышуучулары белгилүү «Байра» мода үйүнүн кийимдеринин көргөзмөсүнө күбө болушту. Кийимдерди Токмок шаарынын жаштары кийип көргөзүштү.

Буга чейин Жаштар аллеясынын ордунда ачык коллектордук-дренаждык тармак болгон. Албетте ал шаардын көркүн бузуп, жол кыймылына да терс таасирин тийгизип келген.

Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1,0 млрд сомдун алкагында ачык коллектордук-дренаждык тармактын эски нугу калыбына келтирилип, үстү жабылып, Жаштар аллеясы курулду.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️