Пример HTML-страницы

Токмок шаарында С.Ибраимов көчөсүндө жол оңдоо иштери башталды. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТокмок шаарында С.Ибраимов көчөсүнүн 2265 метр аралыктагы жолу капиталдык оңдоодон өтүп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Жолду капиталдык оңдоо» долбоорунун алкагында Жантаев көчөсүнөн Дунларов көчөсүнө чейинки С.Ибраимов көчөсүндө жалпы узундугу 2265 метрди түзгөн жол оңдолот.

Бүгүнкү күндө С.Ибраимов көчөсүнүн Жантаев көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды. Андан кийин Ленин көчөсүнөн Дунларов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери улантылат.

Долбоор бир гана жолду оңдоо эмес, тротуарларды жана ирригациялык системаны орнотууну камтыйт.

Иш республикалык бюджеттен каржыланат. Келишим «Чу Прокси» ЖЧКсы менен түзүлгөн.

Ишти аяктоо мөөнөтү — 90 күн.

«Чу Прокси» жоопкерчилиги чектелген коому. Кайра каттоо: 02/10/2023. Жетекчиси: Кадырбеков Мирбек Кадырбекович. Негизги ишмердүүлүгү: автомобиль жана магистралдык жолдорду куруу. Уюштуруучулар: Кадырбеков Мирбек Кадырбекович жана Жеңишбеков Эрлан Эркинбекович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE